Айлана (математика)
![](https://cdn.statically.io/img/upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/d/d5/Circle_and_its_center.svg/256px-Circle_and_its_center.svg.png)
Айлана — борбор деп аталуучу кандайдыр бир О чекиттен бардык чекиттери бирдей алыстыкта жаткан тегиздиктеги (жалпак) туюк ийри сызык. Айлананын ар бир чекитинен О борборуна чейинки аралык — радиус, айлананын эки чекити аркылуу өтүүчү түз сызык — кесүүчү, ал эми айлананын ар кандай эки чекитин туташтыруучу кесинди — хорда, борбору аркылуу өтүүчү хорда — диаметр, хорда менен чектелген айлананын бөлүгү жаа деп аталат. Айлананын узундугунун өз диаметрине болгон катышы ар кандай айланалар үчүн турактуу чоңдук болот. Ал C/D= π =3,14159... саны менен туюнтулат. [[Декарттык координаталар системасы|Декарттык координаталар системасында]] борбору (а, b) чекити болгон R радиустуу айлананын теңдемеси (х - а)2+ (у - b)2=R2 борбору (0, 0) чекити болсо x2 +у2 = R2 түрүндө жазылат. Айлана — экинчи тартиптеги сызык. Тегиздиктин айлана менен чектелген бөлүгү тегерек деп аталат.
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Математика: энциклопедиялык окуу куралы/ Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, - 2004